|
Табула раза концепциясы
|
|
ТАБУЛА РАЗА КОНЦЕПЦИЯСЫ (лат. tabula rasa – таза тактай) – эларалык укукта кайрадан түзүлгөн мамлекеттер өзүнөн мурдагынын башка мамлекеттер алдындагы баардык милдеттенмелерин мойнуна албай тургандыгын билдирүүчү концепция. Азыркы учурда бул жобо көзкарандысыздыктын натыйжасында келип чыккан жаңы мамлекеттерге колдонулуучу 1978-жылдагы келишимдерге карата мамлекеттердин мураскорлугу жөнүндөгү Вена конвенциясында белгилүү бир деңгээлде чагылдырылган.
|